Иракта кол салуу

Кол салууда 3 киши каза болду

657817
Иракта кол салуу

Ирактын борбор шаары Багдатта бомба жайгаштырылган бир унаа менен жасалган кол салууда 3 киши каза болуп, 7 киши жараланды. Кол салуу борбор шаардын чыгышында жайгашкан Ет – Талибиййе аймагында жарандар жашаган бир аянтта токтоп турган унаага жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен болду. Кол салуудан кийин коопсуздук күчтөр окуя тууралуу териштирүү баштады.

Ким экендиги азырынча  белгилене албаган куралдуу бир группа да Дияланын түндүк аймагында 3 электр күч мунарасын жардырды. Электр күч мунаралары бутага алынган кол салуудан улам аймакта көп сандаган айылда электр үзгүлтүккө учурады. Кол салуучулардын террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү экендигинен шектенилүүдө.



Тектеш кабарлар