Питер Кук Түркияга ыраазычылык билдирди

Пентагондун басма сөз катчысы суроолорго жооп берди

645583
Питер Кук Түркияга ыраазычылык билдирди

«ДЕАШка каршы күрөшүп жаткан коалиция, Инжирлик базасын пайдаланууга уруксат берилишинин маанисин билет»

Бул билдирүү АКШнын Коргоо министрлигинен келди.

Пентагондун басма сөз катчысы Питер Кук, АКШ менен анын жетекчилигиндеги ДЕАШка каршы коалициянын Аданадагы Инжирлик базасын пайдаланып жатканына ыраазычылык билдирип, мунун уланышын үмүт кылгандарын айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен улуттук коргоо министри Фикри Ышыктын АКШнын Инжирликти колдонуп Түркиянын Эл Баб операцияларына колдоо көрсөтүшүнүнүн ойлондуруучу экени жөнүндөгү сөздөрүнүн эске салынганы боюнча Питер Кук: «Инжирлик канчалык маанилүү экенин кечээ полковник Дирриандан уктуңуздар. Түркия менен сүйлөшүүлөрүбүз уланууда»,- деп айтты.

Питер Кук түрк жооптуу кызматкерлердин Инжирликке байланыштуу сөздөрү туурасында коргоо министри Эштон Картердин кесиптеши менен сүйлөшүп же сүйлөшпөгөнү жөнүндөгү суроого болсо: «Түркия менен атайын сүйлөшүүлөрүбүз уланып жатат. Түркия менен өткөрүлгөн ар бир сүйлөшүүнүн чоо-жайын айта албайм, бирок Инжирликтен операция жүргүзүп жатабыз жана мунун уланышып каалайбыз»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар