Йылдырым Медведев менен жолугушту

Түркиянын премьер-министри Орусияда

624814
Йылдырым Медведев менен жолугушту

Расмий иш сапары менен Орусияга барган Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым эки тараптуу карым-катнаштардагы оңолууну дагы да ылдамдатып, ортодогу текке кеткен убакыттын толукталышы керектигин белгиледи.

Премьер-министр Бинали Йылдырым орус кесиптеши Медведев менен жолугушту.

Орто эсеп менен 45 мүнөткө созулган жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштардын дагы да илгерилетилсе болоорун баса белгилеген Бинали Йылдырым, мунун терроризмге каршы күрөшүү жагынан да маанилүү экенин айтты.

Премьер-министр: «Орусия менен террорго каршы күрөшүүдө кызматташтык түзөбүз. Стратегиялык тармактагы алакалар өнүгөт. Текке кеткен убакыттын ордун толтурабыз»,- деп айтты.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев болсо экономикадагы өнүгүүлөрдү ылдамдатууну максаттагандарын да белгиледи.

Медведев: «Оор мезгилден кийин соода-сатык, маданий жана экономикалык жактан көптөгөн теманы бүгүн кеңири сүйлөшөбүз. Соода алакалары үзгүлтүккө учурады. Көп сандаган биргелешкен долбоорубуз бар, булардын кайрадан ишке ашырылышы керектигин ойлоп жатамын»,-деди.



Тектеш кабарлар