Иранда поезд кырсыгы
Поезд кырсыгында 31 киши каза болду
617796
Ирандын түндүгүндөгү Симнан провинциясынын тоолуу аймагында эки поезддин кагылышуусу менен 31 киши каза болду. Кырсык Симнан провинциясындагы Хафн Хан станциясынын жакындарында эрте мененки сааттарда болду.
Бир жүргүнчү поезди станция жакынында күткөн башка бир жүргүнчү поезди менен кагылышты. Кагылышууда 4 вагон оодарылып, 2 вагондон өрт чыкты. Симнан аймагынын башкаруучусу кырсыкты 31 кишинин каза болгондугун, 70 кишинин жаралангандыгын билдирди. Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.
Тектеш кабарлар
Зариф: "Согушту токтотуу үчүн кызматташууга даярбыз"
АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Зариф күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.