Франция баш калкалоочуларды өз өлкөлөрүнө жөнөтөт

Шыктандыруунун шарттары кандай?

616785
Франция баш калкалоочуларды өз өлкөлөрүнө жөнөтөт

Франциянын Кале шаарында таркатылган «Жунгли» лагериндеги баш калкалоочулардын өз өлкөлөрүнө кайтуулары үчүн убада кылынган шыктандыруунун көлөмү 2 миң евродон 2 миң 500 еврого көбөйтүлдү.

Франциянын Көчмөн жана шайкештик кеңсеси, бул шыктандыруунун жалгыз гана виза келишими болгон өлкөлөрдөн келгендерди жана өз ыктыярлары менен кайтууну каалагандарды камтый турганын билдирди.

Бул ишке ашырууга эң көп ооган баш калкалоочулардын кызыгуу көрсөтүп жаткандары белгиленди.

Франциянын Көчмөн жана шайкештик кеңсеси, ушул жылдын аягына чейин орто эсеп менен 4 миң баш калкалоочуну кайра өз өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландоодо.

Француз жооптуу кызматкерлер, «Жунгли» деп аталган жана орто эсеп менен 7 миң баш калкалоочу начар шарттарда жашаган лагерди өткөн айда таркаткан болчу.

Бул жерде жашагандардын көпчүлүгү өлкөнүн башка аймагындагы баш калкалоочуларды коноктоо борборлоруна жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар