Мухаммед Мурсинин уулу Абдуллах Мурис атасын көрө алган жок

«3 жылдан бери атамы көрүү үчүн барам бирок ар жолкусунда колум бош кайтып келем. Ошол эле нерсе бүгүн да кайталанды»

613406
Мухаммед Мурсинин уулу Абдуллах Мурис атасын көрө алган жок

Египетте аскердик күч менен кызматынан алыстатылган президент Мухаммед Мурсинин уулу Абдуллах Мурсинин абактагы атасын зыярат кылуусуна уруксат берилген жок. Абдуллах Мурси социалдык бөлүшүү сайты фейсбук эсебинен берген маалыматта : «3 жылдан бери атамы көрүү үчүн барам бирок ар жолкусунда колум бош кайтып келем. Ошол эле нерсе бүгүн да кайталанды»,- деди.

Абдуллах Мурси фейсбук эсебинен берген мурунку маалыматында абакка барарын да билдирген болчу.  Мухаммед Мурси «абак баскыны» деп билинген доодо өлүм жазасына тартылган, бирок Египет апелляциялык соту бул чечимди жуманын башында бузган. Апелляциялык  соттун бул чечиминен кийин Мурси кайрадан соттолот.

2011 – жылы Мүбаркетин кулатылышынан кийин Египеттин демократиялык жолдор менен шайланган биринчи мамлекет башчысы болгон Мурси 2013 -  жылы болгон козголоң менен кулатылып камалган болчу. Мурсиге  өткөн жумаларда чыкканчылык күнөөсү менен ачылган доодон улам 20 жыл абак жазасы берилген.



Тектеш кабарлар