Мосулдун айрым маалаларында коопсуздук түзүлдү
2 жыл өткөндөн кийин террор уюму ДЕАШтын колунда турган шаарга кирген Ирактын атайын күчтөрү илгерилөөсүн улантууда.
Ирактын Мосул шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалаш үчүн 17-октябрда Ирак армиясы баштаган АКШ жетектеген коалиция күчтөрү колдоо көрсөткөн операция уланууда.
2 жыл өткөндөн кийин террор уюму ДЕАШтын колунда турган шаарга кирген Ирактын атайын күчтөрү илгерилөөсүн улантууда.
Көчө-көчө, үймө-үй террористтерди издеп жаткан атайын күчтөр бир топ мааланын эми коопсуз экенин белгилешүүдө.
Кагылышуулар уланган шаарда согуштун каары көрүнүп турат. Террор уюму ДЕАШтын согуш тактикаларын өзгөртүшү, коалициялык күчтөр үчүн кыйынчылык туудурса дагы илгерилөө уланууда.
Аймакта согушкан Ирак аскерлери үчүн тамак-аш жана ок-дары ташыган жүк унаалары, салгылашууларда жараланган аскерлерди да шаардан алып чыгууда.
Айрым маалаларда коопсуздук түзүлсө дагы Мосулдагы согуштун дагы бир топко улана турганы божомолдонууда.
Эң оор кагылышуунун шаардын түндүк жагында болушу күтүлүүдө.