Мосулга чабуул коюш үчүн акыркы даярдыктар...

Ирактын экинчи чоң шаары Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышын көздөгөн операция башталганы турат.

590343
Мосулга чабуул коюш үчүн акыркы даярдыктар...

Ирактын экинчи чоң шаары Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышын максаттаган операцияга карай акыркы кадамдар ташталууда...

Аймактагы Американын бөлүктөрү уюмга таандык буталарды замбиректер менен аткылай баштады.

Шаардагы террористтердин болсо мунай зат кудуктарын өрттөп жибергендери белгиленди.

Бул учурда Түркиянын Премьер-министрлигинин маалымат борбору «агым кагылышуусу» эскертүүсү эске алынып шиит топтор операцияга катышпаганын маалымдады.

Түркия, АКШ бийлигине Мосул операциясына шиит топтордун кошулуусу «кылымдын секта согушун баштап кое турганы» жөнүндө эскертүүсүн кылган.

Бир тараптан түрк аскердик булактары учурда жасалгандар курчоонун чийинин кичирейтүү жана аскердик топтолууну арттыруу иштери экенин белгилеп, бул болсо операциянын алдындагы акыркы баскыч экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар