Германияда полиция бир билдирүү менен операция жүргүздү

Немис  полициясы Сирияда туулган 22 жаштагы Жабер Албакрдын бомбалуу кол салуу үчүн даярданып жаткандыгынан шектенүүдө

585780
Германияда полиция бир билдирүү менен операция жүргүздү

 Германияда бомбалуу кол салууга даярданып жаткан бир шектүү киши тууралуу Саксонияда операция жүргүзүлдү.

Немис  полициясы Сирияда туулган 22 жаштагы Жабер Албакрдын бомбалуу кол салуу үчүн даярданып жаткандыгынан шектенүүдө. Келген бир кабар боюнча Саксония аймагына караштуу Хемниц шаарында опеарция жүргүздү.

Операцияда жогорку өлчөмдө жарылуучу зат табылган үйдөн эч ким кармалган жок. Операциянын негизинде ар башка аймактарда 3 киши камоого алынды. Териштирүүнүн улантылып жаткандыгын белгилеген жетекчилер Албакрдын фотографиясын да жайылтып, бул кишинин кайда экендигин билгендердин кабар берүүсү керектигин билдиришти.

Немис полициясы Сирияда туулган Жабер Албакрдын Берлинге качышы мүмкүн экени боюнча токтолууда. Ушул себеп менен өлкөнүн борборунда да катуу коопсуздук чаралар көрүлүүдө.



Тектеш кабарлар