Пан Ги Мундун ордуна ким келет?

БУУнун жаңы баш катчысы 2017-жылдын 1-январында кызматын баштайт.

583811
Пан Ги Мундун ордуна ким келет?

Кызмат мөөнөтү ушул жылдын аягында аяктай турган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун ордуна БУУнун жогорку комиссары, Португалиянын мурдагы премьер-министри Антонио Гутеррестин шайланышы күтүлүүдө.

БУУнун коопсуздук кеңешиндеги жабык отурумда 10 талапкердин арасында өткөрүлгөн добуш берүүдө вето укугу болгон туруктуу мүчөлөр АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франция Гутерреске каршы чыгышкан жок.

БУУнун Башкы Ассамблеясында бейшемби күнү өткөрүлө турган расмий добуш берүү менен Антонио Гутеррестин жаңы баш катчы болушу анык.

БУУнун жаңы баш катчысы 2017-жылдын 1-январында кызматын баштайт.

Учурдагы баш катчы Пан Ги Мундун кызмат мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Пан Ги Мун беш жылдык эки мезгилден жалпы 10 жыл кызмат кылган болот.



Тектеш кабарлар