Орусия Сирияга С-300 жайгаштырды АКШ эмне кылаар экен?

Жош Эрнест Орусиянын «радикалдар менен күрөшүү»» жана «коргонуу» сыяктуу себептерди көрсөтүп бул ракеталык коргонуу системаларын Сирияга жайгаштырганын белгиледи.

583205
Орусия Сирияга С-300 жайгаштырды АКШ эмне кылаар экен?
rusya suriye'ye S-300 gönderdi.jpg

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын «коргонуу максаттуу» болгонун белгилеп Сирияга С-300 абадан коргонуу ракета системасын жайгаштырышына каршы чыкты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест күнүмдүк басма сөз жыйынында Москванын Асад режимине жиберген жаңы ракеталык коргонуу системасына байланыштуу абалдарды кылдат байкап жаткандарын айтты.

Орусиянын «радикалдар менен күрөшүү»» жана «коргонуу» сыяктуу себептерди көрсөтүп бул ракеталык коргонуу системаларын Сирияга жайгаштырганын белгилеген Эрнест, «ДЕАШ же Аль-Каиданын согуштук учагы болгонун билчү эмесмин»,-деп сындады.

Жош Эрнест айрыкча Асад режимине каршы ишке ашырыла турган санкцияларга байланыштуу документтерди күн тартипте кармагандарын жана бардык альтернативаларды колдоно ала тургандарын белгилеп кетти.

Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Питер Кук да, бул жаңы ракеталык коргонуу системасын билгендерин белгилеп, «Орусия негизги максаттарынын терроризм менен күрөшүү болгонун айтууда, бирок биздин билишибизче ДЕАШ жана Эл-Нусра сыяктуу террордук уюмдарда аба күчү жок. Балким орустардын бул темада дагы кеңири ачыктоосу болсо керек»,-деп айтты.

Кук жаңы ракеталык коргонуу системасынын аймактагы ДЕАШка каршы коалициянын учуу пландарын кечиктирбеши үчүн бардык чаралар жана ыктымалдуулуктарды ойлогондорун баса белгилеп, АКШ менен Орусиянын арасындагы «ок атышпоочулук абалынын» бүгүнкү күнгө чейин болгону сыяктуу улантылышы үчүн керектүү байланыш каналдарынын ачык боло турганын кошумчалады.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер да күнүнмдүк маалымат жыйынында Орусиянын С-300 үлгүсүндөгү ракеталык системасын Сирияга жайгаштыруусунун ДЕАШ жана Аль-Каиде менен күрөшүү сыяктуу Сириядагы максаттарына шайкеш келбегенин белгилеп өттү.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Сирияга С-300 абадан коргонуучу ракеталык системасын жибергендерин жарыялаган.

Конашенков, С-300 абадан коргонуу системасынын Орусиянын Сириядагы деңиз базасы Тартус жана аймактагы кемелеринин абадан келе турган коркунучтарга каршы корголушу максаты менен жайгаштырылганын белгилеген.

Орусия, Сирияга мындан мурда С-400 абадан коргонуу системасын жайгаштырган.



Тектеш кабарлар