АКШлык министр мусулмандар менен кызматташууга чакырды

Сенттагы ички коопсуздук жана өкмөт менен байланыштар комитетиндеги отурумдун жыйналышында террор темасында жаңы маселелер көтөрүлдү.

578567
АКШлык министр мусулмандар менен кызматташууга чакырды

АКШнын ички коопсуздук министри Жех Жонсон, өлкөдө күчөп бараткан террор окуяларына бөгөт болуш үчүн мусулмандар менен дагы көп кызматташтык кылынышы керектигин белгилеп кетти.

Жонсон, Федералдык териштирүү кеңсесинин директору Жеймс Комий, Улуттук террор менен күрөшүү борборунун директору Николас Расмуссен менен бирге Сенттагы ички коопсуздук жана өкмөт менен байланыштар комитетиндеги отурумга катышты.

Андагы сөз сүйлөөлөрдө америкалык мусулмандар менен бардык тармакта дагы көп кызматштык кылынышы керектигин баса белгилеген Жонсон, «Мусулмандарды четке кагуунун АКШга эч бир пайдасынын болбой турганын» баса белгиледи.

Жонсон эл аралык аренада ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен күрөшүүдө аятта бир топ аскердик адамдын атылганын бирок террор менен күрөшүүдө «физикалык болбогон» аянттарда да тыгыз иш-аракет кылынышы керектигин баса белгиледи.

Интернет булактары менен дүйнөнүн ар бир бурчундагы кишилерге жетүүнүн абдан оңой болгонун айткан АКШлык министр, мусулман коомчулуктун лидерлери менен дагы технология фирмалары менен дагы жакындан иштешүүлөрү керектигин айтты.

FBI директору Комий да, Нью-Йорк жана Нью-Жерсий кол салууларынын «дагы чоң же уландысы боло турган кол салуу планынын бир бөлүгү эместигин» белгилеп кетти.

АКШнын ичинде өсүп бараткан террор коркунучтарына каршы дагы жогорку деңгээлде чаралар көрүлүшү керектигин белгилеген Комий, Сирия жана Ирактагы «чет өлкөлүк согушкерлердин» башка өлкөлөргө өтүп кете ала турганын айтты.

Комий: «Мындан мурда көрбөгөнүбүздөй, алдыбыздагы 2-5 жылдын ичинде «террорист диаспорасына» күбө болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар