Сириядагы согушка Орусия жооп берет

АКШ, Франция, Италия, Германия жана Англиянын тышкы иштер министрлери менен Европа Биримдигинин жогорку өкүлчүлүгү биргелешкен басма сөз билдирүүсүн жарыялады.

576772
Сириядагы согушка Орусия жооп берет

АКШ, Франция, Италия, Германия жана Англиянын тышкы иштер министрлери менен Европа Биримдигинин жогорку өкүлчүлүгү биргелешкен басма сөз билдирүүсүн жарыялап, Сирияда тынчтыктын камсыздалышы үчүн жоопкерчиликтин Орусиянын мойнунда экенин баса белгилешти.

Басма сөзгө жарыясында бул жуманын ичинде Сирияда болгон абадан кол салуулардан кийин Сириядагы дипломатиялык жолугушуулардын кайра камсыздалышы үчүн жоопкерчиликтин Орусияда экени белгиленди.

Анда Сирияда гуманитардык жардам конвоюна кол салынышы жана Асад режиминин химиялык курал колдонгону жөнүндөгү отчетторго орун берилди.

Орусиянын Башар Асаддын кол салууларын көрмөксөнгө салганына токтолгон билдирүүдө, Орусиянын бул мамилесинин Сириядагы дипломатиялык жолугушууларга колдоо көрсөткөнү жөнүндөгү сөздөрү менен карама-каршы келгени белгиленди.

Анда, «Беш өлкө жана ЕБнин жогорку өкүлчүлүгү ушул себептен улам Орусиянын радикалдуу кадамдарды таштап, Сирия согушунун соңуна чыгышына бөгөт болгон режим буталарын айырмалабастан өз калкын бомбалоосун токтотуп, кайра ишендирүүчүлүгүн кайтарып алышы керек» деген сөздөргө орун берилди.

Орусиянын ДЕАШка карай операцияларга багыт алышы керектиги белгиленген жарыяда, Сирияда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан белгиленген аймактарга гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн керектүү чаралардын тез көрүлүшү керекти да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар