Түндүк Корея жаңы сыноо өткөрдү

Ким Чен Ын сыноону жеке өзү башкарды.

573555
Түндүк Корея жаңы сыноо өткөрдү

Түндүк Корея жаңы рокета моторун сынады.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн түндүк-батышындагы Сохэ космодромунда, синхрондуу спутник учуруучуну алып жүргөн ракетанын өтө күчтөндүрүлгөн моторунун кургактан сыносун жеке өзү башкарды.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда, душмандар катуу сакциялар менен Түндүк Кореяга кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатканда Ким Чен Ын илимпоздорго жана жооптуу кызматкерлерге спутниктин мүмкүн болушунча эң кыска мөөнөттө учурулушуна карата даярдыктарды бүтүрүү боюнча буйрук бергени баяндалды.

Түштүк Кореянын Башкы штаб төрагалыгынын катчысы Жон Ха-Кюн сыноонун жаңы алыс аралыкка атуучу ракета үчүн өнүктүрүлгөн мотор менен ишке ашырылганын билдирди.

Түндүк Корея 9-сентябрда 5-ядролук сыноосун өткөргөн.

Бул боюнча Түштүк Корея менен АКШлык жооптуу кызматкерлер Түндүккө дагы көп санциялардын киргизиле турганын билдирген болчу.

Түштүк Корея армиясы муну Пхеньян башкаруучулугунун эң чоң ядролук сыноосу экенин жана 10 килотонналык күчкө ээ болгон сыноонун 5,3 баллдык жер титирөөгө алып келгенин билдирген.

Бул учурда АКШ менен Кытай акыркы сыноодон кийин Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы кызматтууга чечим чыгарышты.

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен АКШнын президенти Барак Обама Нь-Йоркто жолугушушту.

Ай үйдүн билдирүүсүндө, эки өлкөнүн Түндүк Кореянын акыркы сыноосун айыптап, БУУнун коопсуздук кеңешинде жана «укуктук каналдар» аркылуу дагы таасирдүү кызматташуу темасында макулдашкандары баяндалды.

Жолугушууда АКШ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык карым-катнаштар, климаттык өзгөрүү сыяктуу темалар да каралды.



Тектеш кабарлар