Германиянын Баутцен шаарында баш калкалоочуларга жикчилдер кол салды

Жикчил ураандарды чакырган улутчулдар бир аянтта олтурган баш калкалоочуларга кол салышты.

571748
Германиянын Баутцен шаарында баш калкалоочуларга жикчилдер кол салды

Германиянын чыгышындагы Баутцен шаарында ашкере оңчулдар менен мигранттардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Жикчил ураандарды чакырган улутчулдар бир аянтта олтурган баш калкалоочуларга кол салышты.

Баш калкалоочулар полициянын коргоосунда жашаган жатаканаларына жеткирилди.

Жикчил митингчилер жатакананы таш бараңга алды, жараланган бир баш калкалоочу үчүн барган тез жардам унаасынын жолун тосушту.

Шаарда акыркы убактарда улутчулдардын баш калкалоочуларга кол салуулары күчөп баратканы байкалууда.



Тектеш кабарлар