Орусиялык студенттер үчүн чектөөлөр жоюлду

Орусиялык студенттердин билим алуу үчүн Түркияга келишине тыюу салынган болчу.

563315
Орусиялык студенттер үчүн чектөөлөр жоюлду

Орусиялык студенттердин Түркияга келүүсүнө карата тыюу салуу жоюлду.

Орусиянын Билим берүү министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн директору Николай Тойвонен Спутникке берген маегинде: «Көптөн бери студенттерибиздин Түркияга барышына карата айрым чектөөлөр бар эле. Бирок эми туристтер үчүн чартердик рейстерге уруксат берилди. Ушундан улам билим алуу үчүн да мындай чектөөлөр жоюлду»,-деди.

24-ноябрда чек арадан өтүп кеткен орус учагынын атып түшүрүлүшү менен башталган кризистен кийин орусиялык студенттердин билим алуу үчүн Түркияга келишине карата чектөөлөр киргизилген болчу.



Тектеш кабарлар