Али Ларижани Орусиянын Хемедан Шейит Нуже базасын колдонуп жаткандыгын айтты
Иран парламентинин спикери Ларижани аскердик бир базанын Орусиянын колдонуусуна каршы чыккан 20 депутаттын суроолоруна жооп берди
![Али Ларижани Орусиянын Хемедан Шейит Нуже базасын колдонуп жаткандыгын айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f024/0f09/ac66/57bc262370cba.jpg?time=1718899960)
Ирандын парламент башчысы Али Ларижани Орусиянын өлкөнүн батышындагы Хемедан Шейит Нуже аба базасын колдонууну уланткандыгын айтты.
Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Иран парламентинин спикери Ларижани парламентте өлкөдөгү аскердик бир базанын Орусиянын колдонуусуна каршы чыккан 20 депутаттын суроолоруна жооп берди.
Ларижани өлкөдөгү бир топ базанын башка бир өлкөгө берилбегендигин айтып, Тегеран жана Москванын ортосунда террор менен күрөш тууралуу жакын кызматташтыктын түзүлгөндүгүн мунун да аймактагы мусулмандардын пайдасына экендигин жактады.
Орус бомбалоочу учактарынын Ирандагы базасы азыркы учурда колдонулуп жаткандыгын айткан Ларижани : «Орус учактары Хемедандагы базаны күйүүчү май куйуу максатында колдонуп жаткан жана бул да токтотула алган жок»,- деди.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Бехрам Касыми кечээ өткөргөн пресс – жыйынында Хемедандагы базаны колдонгон орус учактарынын операцияларынын «азырынча» аяктагандыгын жарыялаган болчу. Андан кийин Орусиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков да Ирандын Хемедан базасын колдонгон учактардын милдетин аяктап Орусияга кайтышкандарын билдирген болчу.