Америкалыктар Фетуллахтын Түркияга өткөрүп берилишин каалайбы?

Ак үйдүн интернет барагындагы акцияда чогулган кол тамганын саны 72 миңден ашты.

538404
Америкалыктар Фетуллахтын Түркияга өткөрүп берилишин каалайбы?

15-июлдагы төңкөрүш аракетинин артындагы ымыс болгон ФЕТӨ уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин Түркияга тапшырылышы, күн тартиптеги эң маанилүү берене болуп саналат.

Гүлендин тапшырылышы үчүн Ак үйдүн интернет барагында башталган акцияга чогулган кол тамганын саны 72 миңден ашты.

Төңкөрүш аракетинин демократиялык жолдор менен шайланган өкмөттү кулатууну максаттагандыгы белгиленген текстте бул сөздөргө орун берилди: «Өкмөтүбүздүн (АКШ) Фетуллах Гүленге коопсуз бейиш камсыздоону токтотушун жана аны Түркия жөнөтүшүн каалаймын».

Ак үйдүн интернет барагындагы жазууга караганда, жооптуу кызматкерлерден расмий жооп алынышы үчүн кол тамга саны 16-августка чейин 100 миңден ашуусу керек.



Тектеш кабарлар