АКШ Орусияга сунушун билдирди

АКШ Сирияда аскердик тармакта бирдикте кыймыл кылуу үчүн Орусияга сунуш билдирди

529905
АКШ Орусияга сунушун билдирди

АКШ Сирияда аскердик тармакта бирдикте кыймыл кылуу үчүн Орусияга сунуш билдирди.

«Вашингтон Пост» гезитинин берген маалыматына караганда сунушта Сирияда орток буталардын бомбалануусу жана бирдикте кыймыл кылуу белгиленди. 

Иорданиянын борбор шаары Омманда курулушу сунуш кылынган борборлордо АКШ менен Орусия аскерлеринин  бирдикте иштөөсү сунуш кылынды. Аймакта Сирияда ДЕАШ менен Ель Нусра буталарынын атылуусу жана эки өлкөнүн чалгындоо тажрыйбасын бириктирип аба кыймылдары менен бул уюмдарга кол салуу  орун алууда.

АКШ башкаруусу сегиз беттик сунушта Башар Асад режимине караштуу бөлүктөрдүн бир гана Орусия жана АКШ белгилеген аянттарга кол салынуусу керектиги белгиленди.

Сирияда кагылышууларды токтотуу келишиминин толугу менен ишке ашыруу чакыруусу орун алган сунушта АКШ башкаруусу Москвадан Сирияда саясий өткөөл процессине салымын кошууну каалап жатат.

Бүгүн Орусияга бара турган мамлекеттик катчы Жон Керринин Москва башкаруусу менен бул теманы карап чыгуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар