Билим берүү боюнча эң кымбат өлкө АКШ

Өлкө тышында эң кымбат билим берүүнүн адреси жылдык 38 миң доллар менен АКШ, эң арзаны болсо 4 миң 500 доллар менен Казакстан болду

528446
Билим берүү боюнча эң кымбат өлкө АКШ

 Өлкө тышында эң кымбат билим берүүнүн адреси жылдык 38 миң доллар менен АКШ, эң арзаны болсо 4 миң 500 доллар менен Казакстан болду.

Өлкө тышына билим берүү боюнча жарманкелерди уюштурган "Акарени" фирмасынын 38 өлкөдөгү жогорку билим берүү, жашоо жана башка чыгымдарды карап чыккан «Өлкө тышында билим алуунун чыгымдарын иликтөөсүндө»  АКШда мамлекеттик университеттердин жылдык акысы 23 миң доллар, бир студенттин жашай турган жери жана башка чыгымдары болсо 15 миң доллардан башталат. АКШдан кийин билим алуу үчүн минумум 20 миң доллар, жашай турган жери жана башка чыгымдары менен жалпы 34 миң доллар менен Канада, 27 миң доллар менен Швейцария жана 25 миң 500 доллар менен Австралия турат. Иликтөөгө караганда өлкө тышында жогорку билим алуунун эң арзан адреси 4 миң 500 доллар менен Казакстан деп белгиленди. Казакстандан кийин 6 миң доллар менен Босния – Герцеговина, 7 миң 500 доллар менен Грузия жана Украина, 8 миң доллар менен да Орусия келүүдө.

Иликтөөнүн жыйынтыктарына бир гана билим алуу боюнча каралганда АКШ 23 миң доллар менен эң кымбат, Норвегия болсо 200 доллар менен эң арзан өлкө болду.

Билим алууда төлөнө турган акы Францияда 250 доллар, Казакстанда 500 доллар, Германияда 550 доллар, Италияда болсо 800 доллар деп эсептелди.



Тектеш кабарлар