НАТОнун саммити башталды

Саммитке 28 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

525572
НАТОнун саммити башталды

НАТОнун лидерлеринин саммити Польшанын борбору Варшавада башталды.

Саммитке президент Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама менен катар жалпы 28 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Жыйында лидерлердин НАТОнун Уэльс саммитинде кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышын карап чыгуу жана жамааттык коргонууну күчтөндүрө турган кошумча чараларды бекитүүлөрү күтүлүүдө.

Бул учурда саммиттин абадан коопсуздугун камсыздоого Түркия да колдоо көрсөтүп жатат.

Түркиянын абадан эскертүү жана текшерүү учагы, НАТО, Франция жана Англияга таандык AWACS учактары менен координациялуу түрдө кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар