Катардык илимпоздор жаңы үч планета табышты

Табылган планеталардын масса жагынан Ысык Юпитер классына киргенин белгилеген Субейи, планеталардын диаметринин Жер шарынын диаметринен 12-17 эсе чоң болгонун кошумчалады.

518551
Катардык илимпоздор жаңы үч планета табышты

Катардын расмий кабар агенттиги QNAда орун алган маалыматка караганда Катардын экология жана энергетика изилдөөлөрү институтунун директорунун орун басары Халид эс Субейинин жетекчилигинде илимпоздордон турган топ, АКШ, Испания жана Кытайда орун алган обсерваториялар тарткан он миңдеген фотосүрөттөрдү иликтеп чыгуудан кийин галактика жылдыздарынын айланасында айланган дагы үч жаңы планета тапты.

Табылган планеталардын масса жагынан Ысык Юпитер классына киргенин белгилеген Субейи, планеталардын диаметринин Жер шарынын диаметринен 12-17 эсе чоң болгонун кошумчалады.

Планеталардын негизги жылдызга жакын болушунан улам бетиндеги ысыктыгынын 1400-1700 градуска жеткенин белгилеген Субейи, планеталардын өз жылдыздарынын айланасында бир турду 1,8 жана 2,9 күндө айланганын баяндады.

Планеталардын Күн системасынан 1400-1800 жарык жылы алыстыкта болгонуна көңүл бурган Субейи, планеталардын Катар-3, Катар-4 жана Катар-5 деп аталышы темасында Эл аралык астрономия биримдиги менен макулдашкандарын сөз кылды.



Тектеш кабарлар