Обама: "ДЕАШ исламды өкүлдүк кылбайт"

Барак Обама, өлкөдөгү террордук кол салууга байланыштуу «радикал ислам» сөзүн айтпаганына карата сындоолорго, «Бир коркунучту башка аталыш менен атоо аны жок кылбайт. Бул, саясий алагды кылуучулук болот»,-деди.

511395
Обама: "ДЕАШ исламды өкүлдүк кылбайт"

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама, өлкөдөгү террордук кол салууга байланыштуу «радикал ислам» сөзүн айтпаганына карата сындоолорго, «Бир коркунучту башка аталыш менен атоо аны жок кылбайт. Бул, саясий алагды кылуучулук болот»,-деди.

АКШнын президенти Барак Обама, Орландодо 49 киши каза тапкан кол салуу жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн күрөш тууралуу маалымат алыш үчүн Казына министрлигинде улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрдү.

Жыйналыштан кийин басма сөзгө маалымат берген Обама, түнкү клубдагы кол салууга байланыштуу, «Учурда чет элдик бир террор тобунун Орландодогу кол салууну башкарганын көрсөткөн кандайдыр бир далилге кездеше элекпиз»,-деди.

Террор кол салууларына байланыштуу «радикал ислам» сөзүн айтканына карата сындоолорго да жооп берген Обама, Конгресстеги Республикачылдардын, «ДЕАШты радикал исламчылар катары аныктамайынча уюмду жеңе албайбыз», дегендерин эске салып, буларды айтты: «Мындай аныктаманы айтуу эмне алып келет? Эмнени өзгөртө алат? ДЕАШтын америкалыктарды дагы аз өлтүрүү кепилдигин бергизеби? Дагы көп шериктеш алып келеби? Жооп булардан эч бириси эмес. Бир коркунучту башка бир аталыш менен атоо аны жок кылбайт. Бул саясий алагды кылуу болуп саналат. 7,5 жылдык президенттигимде «радикал ислам» сөзүн айтпаганым үчүн жүргүзө албаган стратегиябыз болгон жок. Эч бир кеңешчим «эгер муну айтпасак бул бузулат» деген жок».

Обама ДЕАШ уюму исламды өкүлдүк кылбаганын баса белгиледи.

Атын атабастан Республикачыл партиядан президенттикке талапкер болгон Дональд Трампты сынга алып, Трамптын мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу сунушун катуу айыптады.

«АКШлык мусулмандарды ишеничтеринен улам жикчилдикке учуратабызбы?»,-деген суроо узаткан Обама: «Бул биз каалаган Америка эмес. Демократиялык идеяларыбызды чагылдырбайт. Бизди дагы коопсуз кылбайт, дагы көп коркунучка түртөт. Батыштын мусулмандарды жек көргөнү жөнүндөгү ДЕАШтын ойлорун колдоого алуу, бул өлкөдөгү жана дүйнөдөгү мусулмандарды эмне кылса дагы күнөө жана кол салуу астында калтырат. Бул, АКШлык мусулмандарга өкмөтү аларга кыянаттык кылганы сезимин ойготот»,-деп айтты.

ДЕАШ менен күрөшүүгө да токтолгон АКШнын президенти, Ирак жана Сирияда ДЕАШтын алсыраганын, 120 лидеринен ажыраганын жана эл аралык каржы системасына бөгөт коюлганын айтты.Обама Сирияда ок атпоо жарыяланса да жарандардын кыйынчылык тартуулары бүтпөгөнүн айтты. Асад режиминин келишимдин жоюлушундагы жоопкерчилигине көңүл бурган Обама, «Сириядагы абал Асад арасында орун албаган өткөөл мезгил менен аяктайт. Жарандык согушту токтотуу үчүн кысымдарыбызды улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар