Кытай-Түштүк Азия карым-катнаштары

Кытай менен Түштүк Азия жарманкесинин төртүнчүсү Куньминде башталды.

509766
Кытай-Түштүк Азия карым-катнаштары

Кытай Түштүк Азия өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарын бекемдөөдө.

Кытай менен Түштүк Азия жарманкесинин төртүнчүсү Кытайдын Юньнань аймагынын борбору Куньминде башталды.

Жарманкенин ачылышында сөз сүйлөгөн Кытайдын вице-премьери Ван Ян өлкөсүнүн Түштүк Азия өлкөлөрүнүн негизги соода өнөктөшү жана маанилүү чет элдик инвестиция булагына айланганын айтты.

Ван Ян Түштүк Азиянын да Кытайдын чет өлкөдөгү маанилүү курулуш рынокторунун бири экенине көңүл бурду.

Кытайдын вице-премьери өлкөсүнүн Түштүк Азия өлкөлөрү менен эркин соода аймагын курууну ылдамдатууга жана бул өлкөлөрдөн импортту көбөйтүүгө даяр экендигин да баса белгиледи.

Түштүк Азия өлкөлөрүнүн өткөн жылдагы экономикалык өсүүсүнүн 6,9 пайыз болгонуна көңүл буруп, Кытай компанияларынын Түштүк Азиядагы өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө колдоо көрсөтө тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар