Румыния тик учары кырсыкка учурады
Кырсыктын тумандан улам болгону болжолдолууда
502967
![Румыния тик учары кырсыкка учурады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1b58/2625/dd6b/57503f772dcbd.jpg?time=1718423936)
Румынияга таандык тез жардам тик учарынын Молдовада кырсыкка учуроосу менен төрт киши каза болду.
Бир оорулуу кишини Кишиневдогу ооруканага алып баруу үчүн Румыниядан учкан тик учардын тумандын айынан кырсыкка учураганы болжолдолууда.
Румыниянын абалы начар болгон оорулууларды Молдовадагы ооруканаларга алып баруу боюнча келишими бар.