Орус аскердик учактары Идлибди бомабалады

Абадан кол салууларда 23 киши каза болуп, 35 киши жараланды

501024
Орус аскердик учактары Идлибди бомабалады

Орус армиясына таандык 3 согуштук учактын Сириянын Идлиб шаар борборунда түрдүү аймактарга жасаган абадан кол салууларынын натыйжасында 23 киши каза болуп, 35 киши жараланды.

Идлибдеги жарандык коргонуу жетекчилеринен Абдуррезак Жубейро орус армиясына таандык аскердик учактардын өлкөнүн түндүк батышындагы оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Идлибде Ел – Ватани жана Ибн Сина ооруканалары менен бирге Эрар мечити менен Кусур, Сувре райондорун да бомбалагандыгын белгиледи.

Орустардын шаарга жасаган 17 абадан кол салуусунда каза болгондордун көпчүлүгү аял жана балдардан турат. Жарандык коргонуу топтору окуяда кулаган үйлөрдүн урандыларынын астында каза болгон жана жаралууларга жетишүүгө аракет кылышууда.

Ел Ватани жана Ибн Сина ооруканалары тейлей албай турган абалга келди. Жаралангандар шаардагы көчүп жүрүүчү ооруканаларда дарыланууда. Кол салуулардын орус учактары тарабынан ишке ашырылганын айткан Жубейро каза болгондордун санынын жогорулоосунан тынчсыздануу болуп жаткандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда Асадга таандык бөлүктөр да Латакия элетиндеги Түркмөндагына кургактык кыймылын баштады. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда режим күчтөрү эрте менен эрте сааттардан баштап оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы айылдарды пулеметтор менен аткылады. 

Тектеш кабарлар