АКШ, Орусиянын Сириядагы аскер санында өзгөрүү болбогонун билдирди

Полковник Уоррен Сирия жана Иракта ДЕАШтын көзөмөлүндөгү территория кичирейгенин, ошентсе да орус аскери азайбаганын маалымдады.

494070
АКШ, Орусиянын Сириядагы аскер санында өзгөрүү болбогонун билдирди

 Америка Кошмо Штаттары (АКШ) башында турган ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын катчысы, полковник Стив Уоррен, Орусиянын Сириядагы аскер санында дээрлик эч өзгөрүү болбогонун билдирди.

Уоррен, Багдаддан катышкан видео конференция жолу менен Пентагондогу журналисттерди операцияларга байланыштуу маалыматтандырды.

Уоррен, Орусиянын мамлекет башчысы Владмир Путиндин Сириядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кете тургандары жөнүндө март айындагы жарыясынан бери эч кандай өзгөрүү болбогонун белгиледи.

Уоррен, «Орустардын аскердик мүмкүнчүлүктөрү ошондой эле, ал эмес дээрлик эч өзгөргөн жок. Дагы деле аба күчтөрү, замбирекчилери бар»,-деп айтты.

Тедмур шаарына Орусия операция базасын курганын түшүндүргөн Уоррен, мунун кыска же узун мөөнөттүү болуп болбой турганына байланыштуу божомолдоонун эрте болоорун белгиледи.

Полковник Уоррен, айрыкча террор уюму ДЕАШтын текшерүүсү астындагы аянттын тарыганын белгилеп, бул уюмдун Иракта 45 пайыз, Сирияда 20 пайыздык аянтынан ажрыганын билдирди.



Тектеш кабарлар