Мальдив аралдары Иран менен дипломатиялык мамилелерин үздү

Байланыштар Ирандын Жакынкы Чыгыштагы саясаттарынан улам токтотулду

492995
Мальдив аралдары Иран менен дипломатиялык мамилелерин үздү

Түштүк Азиядагы Мальдив аралдары Иран менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өкмөттүн Иран менен болгон 40 жылдык дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн билдирди.

Билдирүүдө Ирандын Жакынкы Чыгыштагы саясаттарынын аймактагы тынчтыкка жана коопсуздукка зыян тийгизгендиги үчүн байланыштардын токтотулганы белгиленди.

Сауд Арабия январь айында, Ирандагы элчилик жана консулдук имараттарына карай кол салууларынын себебинен Иран менен бардык дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн маалымдаган болчу.

Андан соң Бахрейн да Иран менен мамилелерин токтоткон эле.



Тектеш кабарлар