2016-жыл эң ысык жыл болот
Климаттык өзгөрүүнүн таасири
![2016-жыл эң ысык жыл болот](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/65b0/33f8/97bf/573addca15b9f.jpg?time=1718908137)
Американын Эл аралык космостук агенттигинин Goddard космос илимдери институтунун маалыматына караганда, 2016-жыл 1880-жылдан берки эң ысык жыл болот.
Goddard космос илимдери институтунун директору Гавин Шмит өз билдирүүсүндө, ушул жылдын апрель айынын 1880-жылдан берки орточо эң ысык мезгил болгонун белгилеп, буга чейин эң жогорку температуранын 2014-2015-жылдарда катталганын айтты.
Франциянын борбору Парижде былтыр декабрда өткөрүлгөн БУУнун 21-Климаттык өзгөрүү конференциясында 196 өлкө, дүйнөлүк орточо температуранын жогорулашынын чегинин 1,5-2 градустун арасында чектелүүсүн камтыган документ боюнча макулдашкан болчу. 22-апрелде, БУУнун башкы борборунда мамлекет жана өкмөт башчыларынын да катышуусундагы азем менен кол коюуга ачылган документ, бүгүнкү күнгө чейин 175 өлкө тарабынан кабыл алынды.