Арменияда кээ бир аскердик кызматкерлер кызматынан алынды
Арменияда коргоо министрлиги жана армияда кызмат кылган жогорку мартабалуу жетекчилердин президент Серж Саркисян кол койгон жарлык менен кызматынан алынганы белгиленди
Армения куралдуу күчтөрүнүн Азербайжанда отурукташуу жерлерине пулемет жана ракета менен атуусунан бир күндөн кийин Арменияда кээ бир жогорку мартабалуу аскердик жетекчилер кызматынан алынды.
Арменияда коргоо министрлиги жана армияда кызмат кылган жогорку мартабалуу жетекчилердин президент Серж Саркисян кол койгон жарлык менен кызматынан алынганы белгиленди.
Саркисян бүгүн кол койгон жарлык менен Армения коргоо министринин орун басары жана Техникалык камсыздоо мекемесинин төрагасы Алик Мирзабекян, генштабдын чалгындоо боюнча директору Аршак Карапетян жана куралдуу күчтөр байланыш кызматы жана автоматтык башкаруу системалар бөлүмүнүн төрагасы Комитас Мурадян кызматынан алынды.
Азербайжан коргоо министрлиги кечээ 01.05 менен 04.25 саттардын арасында Тертер шаары менен Капанлы айылынын Армения армиясы тарабынан пулемет жана ракета менен атылганын билдирди. Азербайжан армиясынын да ок атууларга жооп кайтаргандыгын, Армения армиясына таандык аскердик буталардын атылганы белгиленди.