Качкын көчмөндөр Жер Ортолук деңизге чөгүп кетишти

400дөн ашуун кишини ташыган 4 кеме оодарылып кетти.

472982
Качкын көчмөндөр Жер Ортолук деңизге чөгүп кетишти

Качкын көчмөндөр Жер Ортолук деңизге чөгүп кетишти.

Сомали, Эфиопия жана Эритреядан качып Италияга барууну каалаган 400дөн ашуун кишини ташыган 4 кеме оодарылып кетти.

Сомали медиасы, куткаруучу топтордун Египеттен жол тарткан жүргүнчүлөрдөн 29унун табылгандыгын маалымдашты.

BBС арабчага маалымат берген Сомалинин Египеттеги элчилиги, жүздөгөн качкын көчмөндүн деңизге чөгүп каза болушу мүмкүн экенин билдирди.

Август айында да ушуга окшогон кырсыкта Ливиядан жол тарткан жана орто эсеп менен 550 качкын көчмөндү ташыган кеме Жер Ортолук деңизде оодарылып кеткен болчу.

«Save The Children» аттуу жардам уюму, кырсыктан кутулгандардын маалыматы боюнча 400 качкындын деңизге чөгүп кеткенин билдирген.


Этикеткалар: #Жер Ортолук , #Италияга

Тектеш кабарлар