Париж кол салуусунун аткаруучусу кармалды

Мухаммед Абрини менен 4 террорист Бельгияда кармалды

467678
Париж кол салуусунун аткаруучусу кармалды
  • Париждеги кол салуунун акыркы шектүү кишиси экени белгиленген Мухаммед Абрини менен 4 террорист Бельгияда кармалды. Бельгия федералдык прокуратурасынан берилген маалыматка караганда Абрини кечээ түшкү сааттарда Брюсселдин Андерлехт аймагында кармалды. Абринин ДНКсы кол салуучулар жашырынган Брюсселдеги эки үй менен бирге 13 - ноябрдагы Париж кол салууларында колдонулган бир автомобилде аныкталды.
  • Бир канча убакыт Сирияда ДЕАШ тарабында согушканы белгиленген 31 жаштагы Марокко тектүү Бельгия жараны Абрининдин Париж кол салууларындагы ролу толугу менен билинбейт. Прокуратура кармалган башка 3 киши тууралуу маалымат берген жок.


Тектеш кабарлар