Анголада сары безгек оорусунан 178 адам көз жумду
Сары безгек оорусуна себепчи болгон вирус адамдарга чиркейлер аркылуу жугат.
458013
![Анголада сары безгек оорусунан 178 адам көз жумду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b170/075b/5613/56f4247c4c41a.jpg?time=1719018521)
Африка өлкөсү Анголада өткөн жылдын декабрь айынан бери сары безгек оорусунан 178 адам көз жумду.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жарыяланган отчетто, 2015-жылдын декабрынан тартып Анголада 450дөн ашуун адамга сары безгек диагнозу коюлганы жана алардын 178нин оорунун айынан каза болгону билдирилди.
Өлкөнүн 18 аймагынан алтысында сары безгек илдетин жузугуп алгандардын катталганы белгиленген отчетто, оорунун алдын алуу үчүн 5 миллион 700 миң киши эмделгени баяндалды.
Сары безгек оорусуна себепчи болгон вирус көбүнчө адамдарга чиркейлер аркылуу жугат.