Румыниянын президенти Анкарада
Президенттиктин имаратында Йоханнис Клаус үчүн расмий тосуп алуу аземи өткөрүлөт.
456844
![Румыниянын президенти Анкарада](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3a31/be16/aa52/56f293eed4db4.jpg?time=1718932837)
Румыниянын президенти Йоханнис Клаус, президент Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага келди.
Йоханнисти Эсенбога аэропортунда Европа Биримдиги министринин орун басары Али Шахин тосуп алды.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан Президенттиктин имаратында Йоханнис Клаус үчүн расмий тосуп алуу аземи өткөрүлөт.
Биргелешкен маалымат жыйынынан кийин президент Эрдоган коногунун урматына кечки сый тамак берет.
Сый тамакка премьер-министр Ахмет Давутоглу да катышат.