В. Путин Асад режимине колдоо берүүнү улантышарын билдирди

Сирияда Асад башкаруусун колдоону улантышарын билдирген Путин: «Керек болгон учурда Орусия аскердик бөлүгүн бир канча сааттын ичинде кайрадан жибере алат»,- деди

452948
В. Путин Асад режимине колдоо берүүнү улантышарын билдирди

Сириядагы аскердик каражаттарынын бир бөлүгүн чыгарган Орусиянын президенти В. Путин бул чечиминен кийин башка күтүлбөгөн кыймылдардын да келиши мүмкүн экени боюнча белгилерди берди.

Сирияда Асад башкаруусун колдоону улантышарын билдирген Путин: «Керек болгон учурда Орусия аскердик бөлүгүн бир канча сааттын ичинде кайрадан жибере алат»,- деди.

Путин Кремлде тосуп алган жана Латакия жакындарындагы Хымеймим базасынан кайткан орус учкучтардын Сириядагы кийлигишүүсүн мактап : «Сирия кризиси орус аскерлери үчүн аскердик машыгуудан дагы пайдалуу болду»,- деди.

Путин кризиске дипломатиялык чечүүчү жол табуу керектигин айтып Асад режимине берген колдоону улантышарын баса белгиледи. Орус лидер : «Керек болсо Орусия абалга ылайык түрдө аймактагы аскердик каражаттарын бир канча сааттын ичинде кайрадан алып келе алат. Бардык каражаттар аскерлерибиздин колунда»,- деди.

В. Путин орус аба күчтөрүнүн Сириядагы «террорист топторго» 2015 - жылдын сентябрь айынан бери жасаган бомбалоолор үчүн Орусия коргоо министрлигинин бюджетинен 33 миллиард рубль каржалганын да билдирди.

Путин абадан кол салуулар үчүн каржоолордун «толугу менен туура жана керектүү экенин» да айтты.

Орусия акыркы эки күндө Сириядагы аба күчүнүн жарымын чыгарды. Москва бүгүн берген маалыматында 1 – 2 күндө чегинүү иштеринин аяктай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар