Орусиянын согуштук учактары артка чегинүүдө

Орусиянын Сириядан чегинүү иштери уланып жатат.

451950
Орусиянын согуштук учактары артка чегинүүдө

Орусиянын Сириядан чегинүү иштери уланып жатат. Бир канча согуштук учагы Латакиядагы Хмеймим базасынан учуп кетти.

Орусиянын Коргоо министрлиги, СУ-25 согуштук учактары менен IL-76 жүк ташуучу учактарынын Хмеймим базасынан учуп кеткендерин билдирди.

Кечээ да бир канча согуштук учагы Орусияга жөнөп кеткен болчу.

Артка чегинүү ишинин канча мөөнөткө созулаары жана канча согуштук учак менен аскердин кетээри жөнүндө азырынча маалымат берилген жок.

S-400 ракеталары болсо артка чегинүүгө кирбейт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, артка чегинүүнүн Сирияда президент Башар Асаддын күчүн начарлата тургандыгы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Орусиянын Сириядагы операциясы Москвага күнүнө 2 жарым миллион доллардык чыгым алып келчү. Мунай бааларынын төмөндөшү менен начарлаган орус экономикасынын да, артка чегинүү чечиминде чоң роль ойногондугу айтылууда.

Бул учурда Сириянын аскердик бөлүктөрү, орус согуштук учактарынын колдоосу менен байыркы Пальмира шаарын террордук уюм ДЕАШтан кайра алуу үчүн ишке киришти. Пальмирага жакын жерлерде катуу калыгышуулар болуп жатат.



Тектеш кабарлар