Түрк аскерлери Литвага барабы?

Олекас Орусиянын баскынчы саясатына каршы өлкөсүндө түрк аскерлерин көргөндө ыраазы боло тургандарын айтты.

448859
Түрк аскерлери Литвага барабы?

Литванын Коргоо министри Юозас Олекас, Орусиянын баскынчы саясатына каршы өлкөсүндө түрк аскерлерин көргөндө ыраазы боло тургандарын айтты.

Олекас, Орусия жана Балтика өлкөлөрүнүн арасындагы чыңалуу, Сирия кризиси, НАТО жана Түркия темасында «Анадолу» агенттигине маалыматтарды берди.

Орусиянын Крымды аннексиялоосу жана Украинага каршы баскынчы мамилесинен кийин өздөрүн дагы көп коркунуч астында сезгендерин белгилеген Олекас: «Орусиянын баскынчы саясаты аймакта жаңы саясий абалга себепчи болду. Биз бир топ мамлекеттер сыяктуу коргонуубузду күчтөндүрүп, аскердик бюджетибизди арттыруудабыз»,-деди.

НАТОнун баш тарттыруу үчүн дагы көп чара көрүшү керектигин баса белгилеген Юозас Олекас, Орусиянын баскынчы мамилесине каршы НАТОнун алкагында түрк аскерлеринин Литвага барышын суранды.

Олекас: «Албетте түрк аскерлерин өлкөбүздө көрсөк абдан кубанычта болобуз. Түркия Балтика өлкөлөрүндө НАТОнун аба полиция миссиясын аткарган алгачкы өлкөлөрдөн бири. Ошол эле учурда Түркияга «Патриот» ракеталары жайгаштырылганда адистерибизди жибергенбиз. Түркия менен саясий жактан да абдан мыкты карым-катнаштарыбыз бар. Литва катары Түркия менен бирге аскердик машыгуулардын уюштурулушун үмүт кылабыз»,-деди.

Литвалык министр Орусиянын Сириядагы абадан кол салууларынын Асад режимин күчтөндүрүүгө карай болгонун белгилеп; «Орусиянын кол салуулары Европадагы баш калкалоочу кризисин да күчөттү»,-деген серебин салды.

24-ноябрда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп кирген Орусиянын согуштук учагынын түшүрүлүшүнө байланыштуу Олекас, чек араларын коргоо укугуна ээ болгон Түркиянын, аскердик жооп кайтаруу эрежелерине ылайык кыймыл кылганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар