Түндүк Корея аймактагы кырдаалды курчутуп жатат

Түндүк Кореянын чыгыш жээгинен кыска аралыкка атуучу эки баллистикалык ракета учурулду.

447959
Түндүк Корея аймактагы кырдаалды курчутуп жатат

Түндүк Корея аймактагы кырдаалды курчутуп жатат.

Аскердик сыноолору жана ядролук куралдар менен коркутушунан кийин Түндүк Кореянын чыгыш жээгинен кыска аралыкка атуучу эки баллистикалык ракета учурулду.

Учурулган ракеталар 500 чакырым алыстыкка жеткенден кийин деңизге түштү.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын армияга согушка даяр тургула деген тапшырма бериши чыңалууну ого бетер курчута тургандай көрүнүүдө.

АКШнын билдирүүсүндө болсо, Ким Чен Ындын үгүттөөчү мамилеси сындалды.

Түндүк Кореянын суутек бомбасын сынашы жана андан соң алыс аралыкка атуучу ракетасын космоско учурушу аймакта кризисти пайда кылган.

Түштүк Корея менен катар АКШ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши да окуяларга тынчсыздангандарын билдиришкен.



Тектеш кабарлар