Сирияда ок атпоо келишими бузулуп жатат

Ок атпоонун биринчи жумасында Орусия жана Асад режиминин оппозициячылдарга карай кол салууларында 75 жаран каза тапты.

445432
Сирияда ок атпоо келишими бузулуп жатат

Сирияда күчүнө кирген жарым-жартылай жана убактылуу ок атпоонун биринчи жумасында Орусия жана Асад режиминин оппозициячылдарга карай кол салууларында 75 жаран каза тапты.

Сирия Адам укуктары желеси келишимдин 1 жумада 216 жолу бузулганын жана 75 жарандын өмүрү кыйылганын жарыялады.

Сирияда ок атпоо келишими күчүнө кирген 27-февраль түн ортосунан бери Асад режими күчтөрү жана Орусия, Латакиянын элет жерлериндеги Түркмөнтоосу, Халебдин батышы, Идлибдин түштүгү, Дамасктын чыгышындагы Гута аймагы, Деранын борбору жана батыш жагындагы элет жерлерде ок атпоону бузду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Латакия жана Деранын тышындагы аймактарда жарандык отурукташуулардын салыштырмалуу дагы аз бутага алынганын, ушул себептен жарандык өлүмдөрдүн санында азаюу болгонун билдирди.

Жарандык өлүм саны салыштырмалуу азайса дагы ок атпоонун башка бир жагы болгон курчоо астындагы аймактарда жардамдардын жеткирилиши үзгүлтүккө учурады.

Ок атпоонун алгачкы жумасында курчоо астындагы 18 аймактан жалгыз Дамасктын Муаддамие району жана Чыгыш Гута районундагы Кафр Батна аймагында гуманитардык жардам киргизиле алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хаг, Сирияда гуманитардык жардам жеткирүү аракеттеринин уланганын, бирок режимдин айрым аймактарда кыйынчылык туудурганын айткан.



Тектеш кабарлар