Сирияда ок атууларды тоткотуу төртүнчү күнүнө кирди

Женевадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7 - мартта башталарын эске салган Пан, Сирияда кагылышып жаткан тараптарга убадаларын орундатууга чакырды

442148
Сирияда ок атууларды тоткотуу төртүнчү күнүнө кирди

Сирияда 5 жылдан кийинки ок атууларды токтотуу төртүнчү күнүнө кирди. Ок атууларды токтотуу кагылышууларды толугу менен токтото алган жок. Батыш Африка өлкөлөрүнө расмий сапар менен барган президент Р. Т. Эрдоган :«Сириянын бардык жеринде ок атууну токтотуунун болбогонун айта аламын. Каалоом мунун өлкөнүн баарына жайылуусун көрүү. Бирок жалпы Сирияда азыркы учурда ок атууларды токтотуу жок жана ал жерде дагы эле кол салуулар тилекке каршы улантылууда»,- деди.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун болсо ок атууну токтотуунун чоң өлкчөмдө ишке ашырылганын белгиледи. Баш катчы Эл аралык Сирияга жардам тобунун келишимдин уландысы жана эрежелердин бузулушунун жайылуусуна бөгөт болуу үчүн иштеп жатканын баса белгиледи.

Женевадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7 - мартта башталарын эске салган Пан, Сирияда кагылышып жаткан тараптарга убадаларын орундатууга чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Асад режиминин келишимге карабастан курчоо астындагы аймактарга барган кээ бир гуманитардык жардамдарга тоскоол болуусуна каршы чыкты. Кери : «Мүмкүн болсо бир аз ахлактуу болууга аракет кылыңыздар»,- деди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби болсо бардык тараптарды бир бүтүн катары келишимге баш ийүүгө чакырды. Кирби Вашингтон башкаруусунун максатынын Сирияда федералдык мамлекетин куруу эмес экенин да айтты. Бирок Кирби саясий чечүүчү жол табуу аракеттери ийгиликтүү болбой турган болсо альтернатив чечүүчү жолдорго карата иштердин улантылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар