Сауд Арабияда ири аскердик машыгуу өтүүдө

Радуш Шималга катышкан күчтөр, мыйзамсыз күчтөр жана террордук топторго каршылык көрсөтүү боюнча машыктырылат.

440888
Сауд Арабияда ири аскердик машыгуу өтүүдө

Сауд Арабиянын «Радуш Шимал» б.а. «Түндүктүн Асман күркүрөшү» аталышы менен уюштурган жана 20 өлкө катышкан машыгуусу башталды.

Сауд Арабиянын маалымат агенттиги SPAнын маалыматына караганда, катышуу жогору болушу жана машыгуу өткөрүлө турган аянттын кеңдиги жагынан дүйнөнүн эң ири аскердик машыгууларынан болуп эсептелген Радуш Шималга катышкан күчтөр, мыйзамсыз күчтөр жана террордук топторго каршылык көрсөтүү боюнча машыктырылат.

Аскердик машыгууларга тийиштүү кабарлар чыгарыла турган расмий социалдык медиа барагы «Дира эл-Ватан» болсо твиттерден берген жарыясында айрым катышуучу өлкөлөрдүн аскердик жооптуу кызматкерлеринин машыгуулардын башкарылуу борборуна киргенин жарыялады.

«Аймактын тарыхында ушул убакка дейре аткарылган эң чоң аскердик машыгуу» катары аныкталган жана 3 апта бою улана турган машыгууда Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Иордания, Бахрейн, Сенегал, Судан, Кувейт, Малдив аралдары, Марокко, Пакистан, Чад, Тунис, Комор аралдары, Джибути, Оман, Катар, Малайзия, Египет, Судан, Кения ошондой эле Аль-Жазира Калкан күчтөрү орун алды.



Тектеш кабарлар