АКШ менен Кытай Түндүк Кореяны кабыл албайт
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи жолукту
439192
![АКШ менен Кытай Түндүк Кореяны кабыл албайт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c4cc/e140/ff68/56ce8bb9e8ccd.jpg?time=1719013589)
АКШ менен Кытай Түндүк Кореяны кабыл албайт.
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи, ядролук куралдарга ээ болгон Түндүк Кореяны кабыл албоо темасында макулдашышты.
Ак үйдүн билдирүүсүндө Сюзан Райс менен Ван Йинин Ак үйдө жолугушкандары баяндалды.
Жолугушууда Түндүк Кореянын провокацияларына каршы БУУнун коопсуздук кеңешинин чечим чыгаруусун да камтыган күчтүү эл аралык каршылык көрсөтүүнүн мааниси баса белгиленди.
Эки өлкө ядролук куралдарга ээ болгон Түндүк Кореяны кабыл албоо темасында да келишишти.