НАТОнун Эгей деңизиндеги кызматы

НАТО Эгей деңизинде эмне кызмат кылат?

430946
НАТОнун Эгей деңизиндеги кызматы

НАТО, баш калкалоочулардын өтүүсүн токтотуу жана адам уурдоо кылмышына бөгөт коюу үчүн Эгей деңизинде кызматын баштайт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Баш калкалоочу кризиси үчүн жардам көрсөтүүгө чечим чыгардык»,-деди.

Баш катчы, Брюсселде эки күнгө созулган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин маалымат жыйынын өткөрүп анда чыгарылган токтомдорду жарыялады.

Столтенберг: «Баш калкалоочу маселеси баарыбызга терс таасирин тийгизүүдө жана чечүүчү жол табууга барыбыз салым кошушубуз керек»,-деп айтты.

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен да, НАТОнун Эгей деңизинде күзөт кызматын эң кыска мөөнөттө башташы керектигин билдирди.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер болсо Эгейде мыйзамсыз көч жана адам уурдоо кылмыштарына бөгөт коюу үчүн НАТОнун жооптуу кызматкерлерине тапшырма берилгенин маалымдады.

Америкалык министр, Түркия жана Германия менен катар Грециянын да талабы боюнча НАТОнун коргоо министрлеринин ушул теманы талкуулагандары жана талапты кантип орундуу керектигин пландоо үчүн аскердик кызматкерлердин милдеттендирилгенин айтты.



Тектеш кабарлар