АКШ Түндүк Кореяга киргизген санкцияларын күчөтүүдө

Бир тараптан Япония менен Түштүк Корея да Түндүк Кореяга санкцияларын киргизе баштады.

430664
АКШ Түндүк Кореяга киргизген санкцияларын күчөтүүдө


Жаңы санкцияларды камтыган мыйзам долбоору Америка Сенатынан өттү.

Республикачылдар менен катар демократтар да колдогон мыйзам долбоору 96 добуш менен кабыл алынды.

Пхеньян башкаруучулугунун ядролук жана алыс аралыкка атуучу ракета жасоо иштерин жеңилдеткен финансылык булактарын бутага алган мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн президент Барак Обама тарабынан да кол коюлушу керек.

Бир тараптан Япония менен Түштүк Корея да Түндүк Кореяга санкцияларын киргизе баштады.

Япониянын санкциялары эки өлкөнүн ортосундагы саякат чектөөлөрүнүн кеңейтилишин жана Түндүк Корея кемелеринин япон портторуна киришине тыюу салуусун камтууда.

Түштүк Корея болсо Түндүк Кореянын чек ара шаары болгон Кэсондо жайгашкан, эки өлкө биргелеше жүргүзүп жаткан өнөр жай аймагын жаба турганын билдирди.



Тектеш кабарлар