Зика вирусу Кытайга да жетти

Зика вирусун жугузуп алган киши карантинге алынды.

429921
Зика вирусу Кытайга да жетти

Кытайдын Цзянси провинциясында 34 жаштагы адамдын зика вирусун жугузуп алганы аныкталды.

Башы айланып ооруганы үчүн ооруканага барган ал киши, зика вирусу диагнозу коюлгандыктан карантинге алынды.

Оорулуунун өткөн айда Венесуэлага саякаттаганы белгиленди.

Латын Америка өлкөлөрүндө көрүлгөн жана чиркейлер аркылуу жуккан бул оорунун баш, муун жана булчуңдардын оорушу сыяктуу белгилери бар.



Тектеш кабарлар