Орусиянын S -400 абадан коргонуу системасы Сирияда

S -400 абадан коргонуу системасы бадагы буталарды 400 километрге чейин атуу жөндөмдүүлүгүнө ээ

394169
Орусиянын S -400 абадан коргонуу системасы Сирияда

Түрк Ф – 16лардын аба мейкиндигин бузган орус аскердик учагын шейшемби күнү атып түшүрүлүүсүнөн кийин Орусия Сириядагы аскердик базасына S - 400 абадан коргонуу системасын жайгаштырды.
Орусиянын коргонуу министри Сергей Шойгундун Хүмеймим базасына S – 400 абадан коргонуу системасын жайгаштыруу сунушу Орусиянын президенти В. Путин тарабынан бекитилген. Путин өлкөсүн зыярат кылган Франциянын президенти Франсуа Олланд менен өткөргөн пресс жыйынында берилген бир суроо боюнча учактарынын атып түшүрүлүүсү менен бул чечимди чыгарышкандарын айтты. S -400 абадан коргонуу системасы узун жана орточо аралыктуу ракеталар менен абадагы буталарды 400 километрге чейин атуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Орусиянын инвентарындагы өнүккөн абадан коргонуу куралдары болгон S – 400 Түркиянын жарымына жакынын, Кипр жана Ливанды көрүү аянтынын ичине ала алат. Америка башкаруусу бул чечимден тынчсызданып жатканын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар