Азиядагы жер титирөөлөр

Ооганстан менен Тажикстан чек арасында жана Кытайда жер титиреди.

421020
Азиядагы жер титирөөлөр

Ооганстан менен Тажикстан чек арасында 6,2 баллдык жер титирөө болуп өттү.
Пакистандын метеорология кеңсесинин интернет барагындагы маалыматка караганда, эки өлкөнүн чек арасындагы жер титирөө Пакистандын Исламабад, Лахор, Равалпинди сыяктуу түндүктөгү шаарларында да сезилди. Жер титирөө жердин 85 км астында болгону белгиленди.
Кытайдын түндүк батышындагы Чингхай провинциясында да 5,2 баллдык жер титирөө болду.
Кытайдын жер титирөөнү изилдөө борбору жер титирөөнүн Чиллиан провинциясында жана жердин 10 км тереңдигинде болгонун маалымдады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар