Варшавадан учкан учак Болгарияга чукул түрдө конду

Текшерилген учактан эч кандай жарылуучу зат же бомба табылган жок

419279
Варшавадан учкан учак Болгарияга чукул түрдө конду

Польшанын борбор шаары Варшавадан Египеттин эс алуучу жерлеринин бири Хургад шаарына учуп бара жаткан жай жүргүнчүлөрдүн учагына бомба коюлгандыгы боюнча билдирүүсүнөн кийин, учак Болгариянын Бургаз аэропортуна чукул түрдө конду. Башкача айтканда, учакта бара жаткан бир жүргүнчү учакта бомба жарыларын билдирген. Бирок, учак жерге конгондон кийин, анын ичин текшергенде эч кандай жарылуучу зат же бомба табылган жок.
Болгария Улуттук радиосунун (БНР) берген маалыматына караганда, 67 жаштагы полшалык жүргүнчү ичимдик ичип алган. Иликтөө учурунда аэропртко кирүү жана чыгуулар токтотулду.




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар