Париждеги операцияда кол салуулардын пландоочусу өлтүрүлдү
Франциянын Улуттук Парламентинде Парижде 13-ноябрь кол салуулардан кийин жарыяланган курч кырдаал абалдын узартылышына байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынды.
Франциянын борбор шаары Парижде кечээ болгон операцияда каза болгон террористтерден бирөөнүн 13-ноябрдагы кол салуулардын пландоочусу Абделхамид Абаюд болгону белгиленди. Француз прокуратурасы, иликтөөлөрдүн акырында Сен-Дени жергесинде болгон операцияда каза болгондордон биринин Абдулхамид Абаюд болгонун белгилегендерин жарыялады. Кечээки полициялык операцияда Абаюд менен кошо үстүндөгү бомбаны жардырган аял террорист да өлдү. Бир тараптан Франциянын премьер-министри Мануэль Валлс өлкөдө химиялык жана биологиялык курал кол салуусу коркунучу турганын билгендерин жана мунун ар дайым эстеринде болгонун айтты. Франциянын Улуттук Парламентинде Парижде 13-ноябрдагы кол салуулардан кийин жарыяланган курч кырдаал абалдын узартылышына байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Курч кырдаал абал 3 айга дейре узарды.
Ыктымалдуу кол салууларга байланыштуу эч нерсе көз жаздымда калтырылбашы керектигин белгилеген Валлс, муну бардык чара көрүүлөр эске алынышынын алкагында сөз кылганын белгилеп: «Химиялык жана биологиялык курал кол салуу коркунучу болгонун билебиз жана муну ар дайым эсибизден чыгарбайбыз»-деди.
Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору, Улуттук Парламентте кабыл алынгандыктан, эми эртең Сенатта сүйлөшүлөт.
Париждеги террордук кол салууларда 129 киши каза таап, 352 киши жаракат алган.