Путин ДЕАШ боюнча эскертти

Путин ДЕАШтын арасында Чоң жыйырмалык өлкөлөрү да болгон 40 өлкөдөн финансылык колдоо көргөнүн айтты.

417966
Путин ДЕАШ боюнча эскертти

Орусиянын президенти Владимир Путин ДЕАШ маселеси боюнча эскертүү жасады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Чоң жыйырмалык саммитинин акырындагы маалымат жыйынында ДЕАШтын арасында Чоң жыйырмалык өлкөлөрү да болгон 40 өлкөдөн финансылык колдоо көргөнүн айтты.

Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн лидерлерине ДЕАШтын финансылык каналдарына байланыштуу маалыматтарды да бергенин айткан Путин, Орусиянын сириялык оппозициячылдарга ДЕАШка каршы күрөштө абадан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Путин, бул процессте Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Сауд Арабия, Түркия жана Ирандын да колдоосу керектигин айтты.

Украинадагы абалга да токтолгон Путин, Украинанын Орусияга болгон 3 миллиард доллардык карызын кайрадан карап чыгуу чечимин чыгаргандарын жарыялады.

Түркия менен Орусиянын биргелешип эмгектенип жатышкан энергетика долбоорлоруна да токтолгон Путин, эки өлкөнүн биргелешип актарып жаткан энергетика темаларында кандайдыр бир маселе жок экенин белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар